www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 1-октябрда Ереван шаарында (Армения) өткөн Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин (ЖЕЭК) жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту:
Евразия экономикалык форуму жөнүндө;
ЕАЭБ Сотуна кайрылууда чарбалык субъектилер төлөгөн пошлинанын өлчөмүн бекитүү жөнүндө;
Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин 2014-жылдын 10-октябрындагы № 79 чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
2018-жылы ЕАЭБ бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет жөнүндө;
2020-жылга ЕАЭБ бюджети жөнүндө;
2020-жылга ЕАЭБ эл аралык ишмердигинин негизги багыттары жөнүндө;
ЕАЭБ жалпы финансылык рыногун түзүүнүн Концепциясы жөнүндө;
2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБ жөнүндөгү Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протоколго кол коюу жөнүндө;
ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин ЕАЭБ бюджетине үлүштүк төлөмдөрүн төлөө боюнча карыздарын жабуунун тартибин бекитүү жөнүндө;
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосунда газды ташуу жана жеткирүү чөйрөсүндө мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү жөнүндө;
ЕЭК Коллегиясынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө;
ЕЭК Коллегиясынын мүчөсүн дайындоо жөнүндө;
ЕЭК ишинин Регламентинин № 1 тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
ЕАЭБ агро өнөр жай саясаты боюнча Кеңеш жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин кезектеги жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө.
Мындан тышкары, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин вице-премьер-министрлери ЕАЭБ жана Сингапурдун ортосундагы эркин соода жүгүртүү аймагы жөнүндө макулдашууга кол коюшту.