www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында быйылкы жарым жылдыкта мас болуп жана автоунаага тийиштүү документтери жок айдаган фактылар эң көп кездешкен. Бул тууралуу Бишкек шаардык кайгуул милициясы кабарлады.

Кайгуул кызматынын инспекторлору быйылкы жылдын алгачкы алты айында жол эрежелерди бузган фактылар боюнча 152 786 протокол толтурган.

Түзүлгөн протоколдордун негизинде жалпысынан 214 440 500 сом айып пул салынса, анын ичинен 48 755 352 сом мамлекеттик бюджетке түшкөн. Кайгуул милициясынын берген сандарына таянып эсептей келгенде айдоочуларга салынган айыптын ичинен 165 685 148 сомдон ашык айып пул төлөнө электигин көрүүгө болот.

Жарым жыл ичиндеги жол эрежесин бузган учурлар төмөнкүдөй мүнөздө болгон:

Автоунаага тийиштүү документтери жок айдоо — 1 766;

Мас болуп автоунаа башкаруу — 1 543;

Жолдогу ээнбаштык — 33;

Автокөлүктүн алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып, күңүрттөп айдоо — 328;

Автоунаага жасалма же жалган мамлекеттик номердик белгилерди тагып алып айдоо — 75;

Башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 149 041;

Жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 11 587 автоунаа убактылуу айып короого токтотулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости