www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айдоочулук күбөлүк алуу үчүн 14 ай милдеттүү түрдө окутуу боюнча сунуш аргасыздыктан келип чыкканын дароо айта кетели. Анткени, жолдо жүрүү эрежелерин бузуулар, анын кесепетинен келип чыккан авариялар, анын ичинен трагедияга (адам өлүмүнө) алып келгендери күн сайын кездешет.
Ушундан улам жол кырсыктарынан жаракат алгандардын, курман болгондордун саны согуш болгон өлкөлөрдөгү кабарлар топтомуна да окшошуп кетет. Мисалы, 15-декабрда маалымат агенттиктеринин биринде жарыяланган статистиканы алалы. Анда көрсөтүлгөндөй, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык тарабынан 8-декабрдан 14-декабрга чейин эле Жолдо жүрүү эрежелерин бузуулардын 19 635 фактысы катталган.
Бул - расмий катталгандары. А дагы ушунча бузуу катталбай калышы мүмкүн экендигин (МАИ кызматкерлери көрбөй калгандарын) эске алсак, бул цифраны эки эсеге көбөйтүп коюуга болот.
Ушул расмий маалыматтагы бузуулардын айрым түрлөрүнө талдоо жасайлы.
Тиешелүү документтерисиз унааны башкаруу – 1 379, мас абалында транспортту башкаруу – 259, машинанын айнегин мыйзамсыз караңгылатуу – 134, унааны эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 2 908, автобейбаштык – 25, белгиленген ылдамдыктан ашыра айдоо – 2 515, жасалма мамлекеттик номер менен унааны башкаруу – 8, жол эрежелерин бузуунун башка фактылары – 8 832.
Ушундай бузууларга баргандарды билбестиктен жасады дегенге болобу? Албетте, жок! Мындайлар мыйзамды, эрежелерди тоотпогондуктан жасап жатышпайбы!
Демек, бизде биринчи кезекте адамдарды мыйзамды, эрежелерди сыйлоого (сактоого) үйрөтүшүбүз (мажбурлашыбыз) керек экен да! Бул таштандыны көрүнгөн жерге эмес, атайы коюлган идиштерге таштатууну үйрөткөн (тарбиялаган) сыяктуу иш.
Бул үчүн жолдо жүрүү эрежелерин бузгандарга айыппулду абдан көбөйтүү зарыл. Ансыз акчалуулар эреже бузганды токтотушпай турганын көрүп эле жатпайлыбы! Айрымдар үчүн 20-30 миң сом деле акча эмес. Чымын чакканчалык көрбөй төлөп салып, эртеси эле кайра эреже бузган айдоочулар азыр көп.
Айыппулду жогорулатуу жана эреже бузгандарга жазаны катаалдантуу натыйжа бергенине мисалбы? Баарыбыз жакшы билген Сингапурду алалы. Таштандыны жерге таштаганы үчүн 300-500 доллар айыппул киргизүү менен алар адамдарды тазалыкты сактаганга үйрөтүп коюшту.
Биз эреже бузуулар үчүн жазаны катаалдантуу менен ошондой натыйжага (эрежелерди сактоого) жетише алмакпыз. Андан да башкысы – эреже бузган айдоочу жазаланбай калбай турганын билгени. Азыр оной кутулуп кетип жатышпайбы. Ошондон улам айдоочуларда эреже буза берүүгө болот деген стереотип калыптанып калууда.
Бул маселе боюнча дагы бир жаңылык – мындан ары айдоочулардын мамлекеттик автомектептерде гана окутулушу. Убагында мамлекеттик автомектептердин жетишсиздигинен жана унаалардын кескин көбөйүшү менен айдоочулук күбөлүккө суроо-талап көбөйгөндүгүнөн улам, менчик жогорку окуу жайлары сыяктуу менчик автомектептер да жабалактап ачыла баштаган. Азыр алардын жалпы саны 340 экен.
Анан бизнесте болуп келгендей, ак ниет мектептер (программасында көрсөтүлгөндөй толук окуткандар) менен катар эле, ЖОЖдордогу катталып коюп, өздөрү өлкөдөн тышкары жүргөн студенттер сыяктуу жазылып, “өз алдынча даярдануу” (самоподготовка) деген шылтоо менен “окуду” деген маалымдаманы алып келе коюшуп, МАИден экзаменди да акча менен тапшырып, айдоочулук күбөлүк алышкандар да көп болгон.
Кесепетин (жол кырсыктарынын көбөйүшүн) эми көрүп жатабыз.
Бирок, жогоруда айтканыбыздай, айдоочуларды даярдоого талапты катаалдантуу менен катар, жолдо журүү эрежелерин бузуулар үчүе жазаларды да катаалдантмайынча майнап чыкпайт.
NazarNews.kg