www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ жана Батыш өлкөлөрүнүн Ооганстанда мамлекеттүүлүктү курууга болгон аракеттери ийгиликсиз болду. Мындай пикирди Вашингтон Улуттук коргонуу университетинин профессору, эксперт Эрика Марат  массалык маалымат каражаттарына билдирген. 

--"АКШ же Батыш өлкөлөрүнүн Ооганстанда мамлекетти же мамлекеттүүлүктү курууга болгон бардык аракеттери толугу менен ийгиликсиз болуп чыкты. Мунун себеби Ооганстанда коом күчтүү этникалык иденттүүлүккө бөлүнгөн.

Бытыранды коомдо АКШ армиясы сыяктуу армия куруу өтө кыйын. Эл аралык коалициянын аракети менен Ооганстанда күчтүү коом, мамлекет түзүү аракеттери ишке ашкан жок, бирок акыркы жыйырма жыл ичинде бул өлкөдө күчтүү жарандык активисттер чыга келди.

Аларды башкаруу Талибан үчүн олуттуу кыйынчылыктарды туудурат. Тышкы күчтөрдүн инвестициясы, колдоосу менен Ооганстанда борборлоштурулган башкаруу системасы жакшы түзүлбөсө дагы, күчтүү коом курууга мүмкүн болду", - дейт ал. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости