www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КР Билим берүү жана илим министрлиги интернетте тараган социалдык объектинин курулушуна катышып жаткан аялдардын видеосуна байланыштуу тушүндүрмө берди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы С.Атабеков атындагы орто мектептин директору Хасият Сайпилаеванын айтымында, мындан мурда мектептин администрациясы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органына мектеп лабораториясы, китепкана жана архив үчүн кошумча корпус куруу өтүнүчү менен кайрылган.
Жергиликтүү бийлик мектептин кошумча корпус куруу өтүнүчүн канаатандырып, 2021-жылга жергиликтүү бюджеттен аталган объектини курууга 1 млн 106 миң сом, долбоорлук-сметалык документтерине 257 мин сом каралган. Объектини мындан ары каржылоо дагы мергиликтүү бюджеттен каралат.
“Курулуш иштери мектептин аймагында жакында эле башталды. Ушул мектептин мугалимдери өздөрүнүн демилгеси менен курулуш иштерине жардам көрсөтүү максатында бир күндүк ашар уюштурушкан”, - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Бек-Абад айылындагы Атабеков атындагы №88 мектептин мугалимдери ашар жолу менен окуу жайдын жанына үч бөлмөлүү имараттын пайдубалын куруп жатканы тартылган видео интернетке тараган.
Сайпидин Атабеков атындагы №88 мектепте 1276 окуучуга жетимишке чукул мугалим билим берет
Булак: NazarNews.kg