www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында Эркиндик бульварындагы дарактарды зыянга учуратууга шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.
11-июлда социалдык тармактарда белгисиз адамдардын Эркиндик бульварындагы 28 көчөттү сындырып жаткан видеосу пайда болгон.
«Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасы акт түзүп, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу талабы менен расмий арыз жолдогон.
Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (бөтөн мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Инспекторлор шектүүлөрдүн биринин ким экенин аныкташкан ал 1997-жылы туулган Б.Ю. аттуу жаран болуп чыккан. Ал тергөө органдарына жеткирилген. Ага карата баш коргоо чарасы катары эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат алынган.
Шектүүнүн айтымында, ал укук бузуу учурунда мас абалында болгон.
Учурда тергөө келтирилген зыянды баалоо жана аны өндүрүү боюнча зарыл болгон аракеттерди көрүүдө.