www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews.kg маалыматтык агенттиги экс-депутат Эркингүл Иманкожоева менен байланышып, коомчулуктун көңүл борборуна айланган айрым маалыматтар тууралуу ой бөлүштү.
--Эркингүл эже, Нурбек Токтакунов Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоодо укмуштуудай көп каражат короду деген документ жарыялады. Анын чын экенине ишенсек болобу?
--Ал документти атайын экс-президент Сооронбай Жээнбековго карата атайын жасалып жаткан "чабуулу" деп ойлоймун. Ошон үчүн ушундай маалымат таратышты. Анча каражат короду дегенден мурун алгач ал каражаттар кайдан табылганын, кантип корогонун далилдеши керек. Болбосо элди дүрбөткөн жөн эле маалымат болуп калат.
--Жалган дейин десек, шайлоо штабынын башчысы Фарид Ниязов да чын экенин бышыктады го?
--Чын болсо далилдесин. Андай каражат коротушса, неге мурда айткан эмес деген суроо жаралат. Ошол эле мезгилде алар таратып анан чын деп бышыктап жаткан маалымат чындап чын болсо, Фарид Ниязов жоопко тартылышы керек. Анткени, ал башкы штабды жетектеген.
--Бирок Фарид Ниязов каражат жагын тейлебегенин айтып жатат?
--Кантип эле Фарид Ниязов финансы жагын билбей, көрбөй калсын. Ал чын деп, кайра мен каржы жагын көзөмөлдөгөн эмесмин деп суудан кургак чыгуунун айласын издеп жатат. Эгерде ошол маалымат чын болсо ошол акчаны алган, тараткандар, кошоматчылар, чиновниктердин баары жоопко тартылышы керек! Алардын ичинен биринчи экс-президент Алмазбек Атамбаев.
Булак: NazarNews.kg