www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийликти басып алуу үчүн массалык баш аламандык уюштурууга аракет кылган деп айыпталып жаткан журналист Эрлан Бекчороевдин апасы Канымжан Мамбеталиева бийлик башындагыларга кайрылды.

"Урматтуу Садыр Нуркожоевич,  Камчыбек Кыдыршаевич, мен бүгүн силерге энеңерди эстетким келди. Силер абакта жатканда апаңардын жүрөгү кандай эзилгенин жакшы билсеңер керек. Эне катары мен дагы бүгүн силердин энеңер сыяктуу сыздап турам. Силер жандай жакшы көргөн апаңардын азап тарткан ошол оор күндөрүн унутпасаңар, анда менин бул кайрылуум жаза кеткен жок деп түшүнөм. Эгер ал күндөрдү унутсаңар, анда оо дүйнөгө кеткен ата-энеңердин арбагын козгоп, кейишке салган болосуңар...

Уулум Эрланды бийликти басып алууга айыптап камашты. Эл жакшы билет, баары көрүп билип турат. Бул акылга сыйбаган айыптоого бир да далил жок. Буга байланыштуу бүгүнкү күнгө чейин тергөө иштери болбой, эч күнөөсүз абакта кармап туруу - бул адилетсиздиктин жеткен чеги деп эсептейм. 

Адам тагдыры менен ойногон укук коргоо органдары уулумдун укугун коргобой эле кордоп жатканын көрүп, кантип үн катпайм. Уулумдун үйүн тинттиргениңерде дагы курал-жарак, же баш аламандык уюштуруу үчүн материалдарды, деги койчу кымындай мыйзам бузуучу зат табылса, баламдын жазасын силер эмес, өзүм эле бермекмин.

"Бийликтин кемчилигин коомчулукка ачыктап салып жатат. Балаңызга ошол үчүн оор берене менен айып тагышты", - десеңер, анда Жараткан өзү жазаңарды берет. Мындан башка бизде арга барбы?

Садыр, Камчыбек иним! Силерди Кудайдын каарынан, энелердин каргыш, көз жашынан коркпойт дегендерге ишенбейм. Тескерисинче, убагында абактын азаптуу, муздак, караңгы күндөрүн, уулумдун эркиндигин заарынан күткөн эне жүрөгүн туйган инсан деп билем. Эне катары күнөөсүз темир тор артында жаткан, саясий туткун уулум Эрланга адилеттүүлүк кылат деп ишенем.

Урматтуу Садыр Нуркожоевич, Камчыбек Кыдыршаевич! Сиздерди акыйкат чечим менен айкөлдүккө барышыңыздарды өтүнөм", - дейт камактагы Бекчороевдин апасы Канымжан Мамбеталиева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости