www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 25-февралда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Анын жүрүшүндө депутат Эрмамат Тагаев «Кумтөр» компаниясынын ишмердүүлүгүн иликтей турган комиссияга кайрылды.

Депутат комиссиянын мүчөлөрүнө «Кумтөрдүн» анча-мынча «секреттерин» айтып өтүүнү туура көргөнүн билдирди.

«2019-жылы сентябрь айында Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети «Кумтөрдө» көчмө жыйын өткөргөн. «Кумтөрдүн» президенти презентация жасап, мен силерге жөнөкөй тил менен түшүндүрөйүн, дүйнөлүк практикада компания 100 кг алтын өндүрсө жана анын 60 килограммы чыгашага кетсе, бул кирешелүү ишкана болуп саналаарын айткан.

Бүгүнкү күндө «Кумтөр» ишканасында 40 кг алтын - чыгаша, 60 кг алтын - киреше дейт. Анан мен өтө кирешелүү экен деп ойлодум. Келип, кагаздарды тактап, окуп, артынан түштүм. Эгерде чыгаша - 40 кг, киреше - 60 кг болсо, биздин үлүш 26,6 пайыз болсо, жыл сайын 100-150 млн доллардын ортосундагы дивиденд алышыбыз керек экен. Бул деген 10-12 млрд сом. Анан Салык кызматына бердим, «Кыргыз алтынга» кайрылдым, алар эч кандай дивиденд албай элебиз деди. Акыркы жылдары анча-мынча бериптир, мен эсептеп көрсөм, түшө турган дивиденддин 1 пайызына да жетпейт экен.

2018-жылдагы ишмердүүлүгүн карап көрсөм, ал жерде өтө чоң чыгашаларды көрсөтүп салыптыр. Мисалы 1 эле адамдын тамак-ашына кеткен акча - 2600 сом, бүгүнкү күндө биздин жоокерлердин 1 суткалык тамак-ашына 130 сом кетет. Өтө чоң коррупциялык схема түзүп алышыптыр, ал жерде 92 ишкана бар экен, алар менимче «откат» менен алектенип, бизге эч кандай киреше көрсөтпөй жатат. Бул иштерге жогору жактагы чиновниктер дагы аралашкан болушу мүмкүн. Ушуну комиссия жакшылап карап коюңуздар», - деди Тагаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости