www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков «Кумтөр» алтын кени боюнча түзүлгөн жаңы комиссия буга чейинки келишимдердин баарын толук изилдеп чыгышы керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-февралда парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Момбеков изилдөөнү 1992-жылдагы келишимден баштоо керектигин айтты жана өкмөттүн өкүлүнө кайрылып, комиссия түзүүнүн зарылчылыгы да суроо жаратарын белгиледи.

«Кумтөр» боюнча канча комиссия түзүлдү. Бирок комиссия түзүлгөн сайын Кыргызстандын үлүшү азайып жатат. 67 пайыздан 26 пайызга түштү. Анда комиссия түзүүнүн канчалык кажети бар эле эгер биз үлүшүбүздүн баарын алдырып жатсак. Ар бир комиссия мурункусунун ишин иликтемиш болуп эле жаап жатса бул модага, соодага айланып кетип… Өкмөттүн «Кумтөр» боюнча 1992-жылдан баштап келишимдеринин толук көчүрмөсүн бериңиз», - деди ал.

Белгилей кетсек, «Кумтөр» кениндеги ишмердүүлүктү текшерүү үчүн депутаттык комиссия 17-февралда «Республика - Ата-Журт» фракциясынын сунушу менен түзүлгөн. Ал эми парламенттин 24-февралдагы жыйынында бул комиссияга мамлекеттик деген макам берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости