www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Оклахома шаарында кошунасын өлтүрүп, анын жүрөгүнөн үй-бүлөсүнө тамак кылып берген адам кармалды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 9-февралда Лоуренс Пол Андерсон 41 жаштагы кошунасы Андреа Линн Бланкеншипти өз үйүндө бычактап салган. Андан кийин, ал анын жүрөгүн кесип алып, үй-бүлөсүнө картошкага кошуп кууруп берген. Шектүү бул кылыгын туугандарынан "жиндерди кууп чыккысы" келгени менен түшүндүргөн. Лоуренс күнөөсүн толугу менен моюнуна алган.
Мындан тышкары, Андерсон 67 агасы Леон Пайды жана анын төрт жаштагы небереси Каос Йейтсти өлтүрүүгө, ошондой эле полиция кызматкерлерин чакырууга аракет кылган жеңеси Делси Пайды өлтүрүүгө аракет кылган деп шектелүүдө.
Лоуренс Пол Андерсон январда түрмөдөн өз убагынан эрте бошотулган. Ал 2017-жылы 20 жылга эркинен ажыратылды. Ага чейин ал кызга кол көтөргөндүгү жана баңгизатын сатуу максатында сактагандыгы үчүн эки жолу түрмөдө отурган. Эми аны өлүм жазасы күтүп турат.
Булак: NazarNews.kg