www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коом барган сайын бузулуп, маңкуртчулук улам күчөп баратканы ырас. Эми ошол сабатсыздык, билимсиздик базардан университетке чейин жеткенине таңкалып отурабыз. Ош облусунан Кыргызстандын тарыхында көрүнүктүү орунду ээлеген, 1927-жылдан 1937-жылга чейин он жыл Кыргыз АССРнин Борбордук аткаруу комитетинин президиумунун төрагасы болуп иштеген Абдыкадыр Орозбеков сыяктуу кыргыз мамлекетин түптөгөн, 33 жыл Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасы болгон Төрөбай Кулатов, 10 жыл Кыргыз ССРнин Коммунистик партиясынын Борбордук комитетинин 1-катчысы болуп эмгектенген Исхак Раззаковдор бар.
Кийинки жаңы тарыхта Абсамат Масалиев, Насирдин Исановдун өз орундарын жашыра албайбыз. Адабият, илимге эмгек сиңирген Мурза Гапаров, Сооронбай Жусуев, Салижан Жигитов, Кадыркул Даутов, Абдыганы Эркебаев, Абыт жана Осмонакун Ибраимовдор да өзгөчө орунда турушат. Ушундай улуу инсандардын эмгектери бааланбай, Ош университетинин сабаты жакшы жоюлбаган ректору Кудайберди Кожобеков башында туруп, көпчүлүк жамааты «мурдагы ректор Каныбек Исаковдун атын Ош мамлекеттик университетине коёбуз» деп демилге көтөрүшүп, Ош шаардык кеңешине сунуш беришиптир. Шаардык кеңеш болсо ураалап колдошууда. Бул маңкуртчулуктан улам келип чыгып жатат да, туурабы? Депутаттарга сөз жок, бу ОшМУнун жетекчилиги, коллективи тарыхты билишпейт окшойт, болбосо жогорудагы улуу инсандардан ортозаар адабиятчы, илимде «эптемей» из калтырган Каныбек Исаковду жогору коюшуп, анын атын коюуга дарбышпайт эле го?..
Албетте, Каныбек Исаков ОшМУга эмгек сиңирген, бирок, А.Орозбеков, Т.Кулатов, И.Раззаковдор болбосо ОшМУ болот беле? Бир ойлонуп, акыл калчап көрүшпөйбү, же сөзсүз эле ал университетке өзүн «Оштун ханымын» деп эсептеген Мелис Мырзакматовдун кишисинин аты коюлуш керекпи? Абсурд!
Булак: Азия News гезити