www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Энергетика тармагындагы көйгөйлөрдү ачыкташ керек министрлик, президентке да, элге да калп айтпай», - деди бүгүн, 19-июлда NazarNews маалымат агенттигине энергетика тармагы боюнча эксперт Эрнест Карыбеков.

- Эрнест мырза, электр энергиясынын жогорулабай калышы президенттин жеке чечимиби?

- Электр энергиясынын баасын жогорулатпаш - бул президенттин жеке чечими. Садыр Жапаровдун артыкчылыгы элдин үнүн угуп, элдин камын көргөнү. Буюрса электр тармагы да дээрлик президенттин алкагына алынды. Энергетика тармагындагы көйгөйлөрдү ачыкташ керек министрлик, президентке да, элге да калп айтпай. Светти өчүрүүгө аргасыз болот, анткени азыркы кадамдар менен Токтогул суу сактагычында кыш өткөндөн кийин 2022-жылы 1-апрелде 6 млрд.куб.м. болжол менен калат. Бул көлөм суунун өлүк көлөмүнө жакын деп айтылат.

Демек, калп айтпай, президенттин «рейтингин» түшүрбөй, кырдаалды ачык айтып, элди кышка даярдаш керек. Отун - көмүр көбүрөөк алыш керек, колунда жокторго 1 тоннадан көмүр бекер алып бериш керек. Муну өлкөдө эң бай адамдар - көмүрчүлөр эле чечип коет. Административдик ресурсту мамлекет ушундайларда колдонуш керек. Иши кылып иштеш керек!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости