www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбор Азия мамлекеттердин арасынан өзгөчөлөгүбүз бул-сөз эркиндигибиз. Мындай пикирди бүгүн, 19-июлда NazarNews маалымат агенттигине Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов билдирди.
--"Борбор Азия мамлекеттердин арасынан өзгөчөлөгүбүз бул сөз эркиндигибиз. Башка мамлекеттер дагы бейбаш эл катары билип кооптонуп турушат. Дүйнөнү каптаган апаатка байланыштуу экономика түштү, баа өстү. Жарым жылдан бери берилген убаданы күтүп отурабыз.
Ал эми тышкы саясат бекемделип, чоң өзгөчөлүк болуп кетти дегенден алысмын. Себеби, башка мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр болду. Алар менен дагы так бир тараптуу чечимдер же чоң иштер болгон жок, алар менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын күтүп отурабыз десем болот.
Карапайым эл 30 жылдан бери жакшы жыйынтыктарды күткөндөй эле дагы деле үмүт менен күтүп отурушат”, - дейт Бешимов.
Булак: NazarNews.kg