www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыр Ооганстанда 20 миң тоннадан көп опийим сакталып турат. Бул тууралуу эксперт Эрнест Карыбеков NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

- Эрнест мырза, кыргыз-тажик чек арасындагы жайгашкан 4 заставаны алып туура кылыштыбы же катачылыкка жол бериштиби?

- Чынында мен бул темадан алысмын. Өлкөнү башкаргандар туура иш алып баратышат деп ишенем. Башка айталбайм.

- Коомчулукта Тажикстан Кыргызстанга бүлүк салыш үчүн атайын террористтик уюмдарды жалдаганы боюнча түрдүү пикирлер айтылууда. Ал турсун мамлекеттик кызматкерлери баш болуп, чындыкка дал келбеген маалыматтарды таркатышты. Эмнеге алар агрессияга, калпка басым жасашты?

- Менин оюмча, мунун артында чоң геосаясат жатат. Ар бир 100 жылда тарых кайталанат деп айтышат адистер. 100 жыл мурда да Орто Азия үчүн Орусия жана Британия салгылашып, Британия утулуп калган. Азыркы бизге карата жасалган агрессия көптөн бери пландаштырылып келе жаткан иштин башы.

Себеби, ири державалар мындайды өз кызыкчылыгына пайдаланганга аракет жасашат. Ошон үчүн муну дагы эске алыш керек. Таджикистандын территориясында бангизат менен акча тапкан терроистик уюмдар мурда эле болгон, азыр дагы бар, саясый элиталар дагы буга арлашкан. Ошон үчүн ошондой уюмдарды колдонушат.

Ал эми мындай бизге карата агрессиялар тилекке каршы дагы кайталанабы деп кооптоном. Анткени, 2001-жылы НАТО аскери Ооганстанга кирип, электростанция, завод фабрика курбай, башка азык-түлүк өстүрбөй, опийимдин көлөмүн көбөйтүшкөн акчага сатып алып жатып. Азыр Ооганстанда 20 миң тоннадан көп опийим сакталып турат.

Салыштырмалуу мурун 2001-жылга чейин талибдер убагында жылына 800 тонна опийим өстүрчү. Талибдердин идеологиясы баңгизаттарга каршы, бирок, азыркы дүйнөлүк каржы экономикалык кризисте, өзүн элин багыш үчүн, жанагы 20 миң тонна бангизатты ишке киргизиши мүмкүн. Көлөмдүн көбү Орто Азия аркылуу кетет. Ошон үчүн биз (регион) чекараны чогу бирге коргошубуз керек. Буга ШКУнун армиясы керек, анткени баарыбыздын коопсуздугубузга тиешелүү. Баткенге машыктыруучу базаны ачыш керек. Ошол жерден 3 айлык аскердик машыгууга бойго жеткен эркектерден баштап мага окшогон запастагы офицерлерге чейин чогултуу абзел. Өлкөбүздү коргогонго үйрөнүшүбүз керек. Эл аралык уюмдарга БУУ, ШКУ жана башкаларга кайрылып, каржылоо маселесин чечсе болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости