www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийлик блогер, журналисттер менен социалдык тармакта акыйнек айтышпай расмий пресс-конференция берип, суроолорго жооп бергени оң. Бул тууралуу жарандык активист Мавлян Аскарбеков NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

- Мавлян байке, тынчтыкты орнотуу үчүн кыргыз-тажик чек арасындагы 4 застада алынды. УКМКнын башчысынын бул аракети колдоого аларлыкпы?

- 136 000 адам качып чыкса, үйлөр, мектеп, имараттар, трансформаторлор талкаланса, 60 ашуун адам өлсө, эл баш аягын жыялбай жатса, каяктан, кандайча макулдук берип жатат? Өткөндө эле 36 жараныбыз каза болгондо, улам сүрөткө түшүп, макулдаштык, келиштик, тынчтык болот деди эле го? Бийлик блогер, журналисттер менен социалдык тармакта акыйнек айтышпай, эл алдына чыгып, расмий пресс-конференция берип, суроолорго жооп бергени оң.

Бийлик, байлык үчүн мамлекеттин, жерибиздин, элибиздин кызыкчылыгына шек келтирбеш керек. Маалымат, келишим, протоколдор бүгүн болбосо эртең элге чыгат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости