www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Nazarnews маалымат агенттигине Эрнест Карыбеков “президентти курчап алган мошенниктер мамлекеттин, элдин эсебинен байып, өлкөнүн аброюна шек келтирип атышат”-деди.
- Инвесторлор менен иш алып барган Төлөнбай Нурбаевге инвесторлордон 200 миң доллар алуу үчүн коркутууларды уюштурган деген доомат коюлууда. Айрымдар "Асман шаары" салынбай калганы үчүн ушул жигит садага чабылды десе, кээ бирөөлөр Төлөнбай Нурбаевдин анык жүзү ачылды дешүүдө. Бул боюнча кандай пикирдесиз?
- 30 жылдан ашык убакыттан бери өлкөбүздүн экономикасын, мамлекеттин түзүлүшүн талкалаган системадан, саясаттан чыкпасак мындай көрүнүш улана берет. Мошенниктер президентти курчап алып мамлекеттин, элдин эсебинен байып, өлкөнүн аброюна шек келтирип жатышат. Мамлекеттик кызматка өлкөнү тоноп кеткендин шоопурун жолотпош керек. 3 жылдан бери мамлекеттик “Дастан” заводун жетектеп, мамлекетке таянып, заводдун продукциясын коюп беребиз деп, мурунку "шоопурлар" Кытайга 800 миң.доллар эмгиче бербей жүрүшөт. Ишенбесенер Өмүрбек Эгембердиев авабыздан сураңыздар. Афераны президент билбесин деп, “Дастан” заводун Минцифранын алдына киргизип коюшкан. Мындай аферистер толтура президенттин, өлкөнүн аброюна шек келтиргендер. Бул система мурунку президенттерди мошенниктердин "капканына" түшүргөн. Ошон үчүн системаны сындырыш керек.
Булак: Nazarnews.kg