www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бизге Кувейт өлкөсүнүн белдүү, колдору алтын хирургдары келди. Биздин онкоборборубузга келген дарыгерлердин саны он төрт. Анын ичинде медбраты, медайымы, анестезиолог ревматологу бар. Андан сырткары үч топтон турган хирургдар бар. Алар:

Биринчи топ; Төрт адамдан туруп, пластикалык операцияларды жасайт.

Экинчиси; Жалпы хирургия боюнча, курсак көңдөйүнө операция жасоо үчүн үч хирург келди.

Үчүнчүсү; Баш моюн боюнча бирөө бар экен. Бул врачтар келет деп бир айдан бери ооруулуларды текшерүүдөн өткөрүп, даярданып жатканбыз. Кувейттик дарыгерлер менен биргеликте, майрам, эс алуу күндөрүнө карабастан, кечээтен бери операцияга муктаж болгон жарандарыбызга концультация кылып иштеп жатабыз. Газ анестезиясы деп коет. Ошол аппараттарын кошо ала келишиптир. Бул аппараттын өзгөчөлүгү, операциядан кийин дароо ойгонот. Эң башкысы, бизде жок, операцияга керектүү жабдыктарынын барын ала келишкен.  

Азыркы учурда жети операционный блокто операция жасалып жатат. Кувейттик дарыгерлер беш күн жүрүшөт. Беш күнгө пландалгвн оперциянын саны 34. Андан сырткары, дагы оор операцияга муктаж жарандарыбыз келсе, операция кылдырып калганга аракет кылабыз. Бизге сырттан дарыгерлердин келүүсүн, Саламаттыкты Сактоо Министрлиги уюштурууда.

Мен билгенден балдар онкологиялык борборунда да, дарыгерлер иштеп жатат. Бул дарыгерлердин бизге келүүсүнө, элчибиз Ж. Шариповичтин салымы зор экенин билдик. Ж. Шарипович эки ай мурун бизге өзү чалып, “Кыргызстанга Кувейттен дарыгерлер барып, гуманитардык түрдө жардам катары бекер операция жасашат”-деп билдирген. Ошол күндөн тарта кызуу даярдандык. Биздеги кем карчынын барысын айтканыбызда, алар өздөрү ала келишти. Айта кетчү жагдай, биз тараптан бир тыйын да акча корогон жок. Жаткан жатаканасынан тарта ичкен, тамак-аштарына чейин өздөрү төлөп жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости