www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эртең чыгаан журналист Уланбек Эгизбаевдин каза болгон күнү

Жамы журтка таанылган чыгаан журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Ата шаарында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Ал болгону 28 гана жашта эле.

Уланбек Эгизбаев коомдогу курч маселелерди тайманбастан козгогон, Кыргызстандын коомчулугунун сүймөнчүгүнө айланган таланттуу иликтөөчү журналист эле. Ал акыркы жылдары "Азаттык" радиосунун "Ыңгайсыз суроолор" программасы үчүн коомдо зор талкуу жараткан бир катар орчундуу иликтөөлөрдү даярдап, обого алып чыккан.

Уланбек Эгизбаев 1990-жылы 12-февралда Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Көк-Жар кыштагында туулган. 2013-жылы эл аралык Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин коммуникация факультетинде журналистика адистиги боюнча бакалавриатты, ал эми 2015-жылы Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. Ал студент кезинде Түркиядагы журналистика боюнча бир катар сынактын жеңүүчүсү болгон.

Эгизбаев эмгек жолун 2012-жылы "Жаңы агым" эркин гезитинде кабарчы болуп иштөөдөн баштаган. Журналисттик таланты, мээнеткечтиги, ыкчамдыгы, көп тил билгени эске алынып, 2013-жылы "Азаттык" үналгысынын жергиликтүү бюросуна - "Азаттык медиа" мекемесине - кабыл алынган. Ошондон тартып өмүрүнүн соңуна чейин ал "Азаттык" үналгысында үзүрлүү иштеп келди.

Ал 2016-жылы Кыргызстандын эгемендигинин 25 жылдык мааракесине карата Кыргыз Республикасынын президентинин Ардак грамотасын алган. 2016-жылы Эгизбаевдин кочкорлук майып окуучу Нургазы тууралуу тарткан "Кыял" даректүү тасмасы дүйнөлүк Webby Awards же (Интернет-Оскар) сыйлыгын жеңип, Нургазы экөө Нью-Йоркко барып келген.

Ал эми журналисттин 25 жылдан бери Түп районундагы Долон кыштагынан Жылдыз айылына чейин атчан барып-келип иштеген карапайым мугалим Кеңешбек Шооруков тууралуу "Жол" даректүү тасмасы эл аралык Нью-Йорк фестивалынын мыкты телеберүүлөр сынагынын күмүш медалына татыган.

Тасманын каарманы Шооруковго бул тасмадан кийин "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими" наамы ыйгарылган. Эгизбаев негизги журналисттик кесибинен тышкары, коомдогу актуалдуу маселелерге карата жарандык турумун Интернеттин коомдук тармактары аркылуу ар дайым ачык билдирип келгени менен айырмаланчу. Ал адилетсиздикке, мыйзамсыздыкка кайдыгер карап тура алчу эмес.

Анын соңку эле учурлардагы "Саясатташкан мумия", "Бажыдагы уурулук" жана "Көрүстөндөгү коррупция" сыяктуу сыналгы берүүлөрүндө козгогон жемкорлукка каршы курч жана так дарекке таянган материалдары Кыргызстандагы учурда жүрүп жаткан коррупцияга каршы күрөшкө кошкон ири салым гана болуп калбастан, өлкөдөгү тайманбас журналисттик иликтөөнүн өрнөгү да болуп калды.

Айрым учурларда ага телефондон коркутуп-үркүтүү болгону да, түшүнүксүз каттар келгени да маалым болгон. Ал талбас эмгекчилдиги, курчтугу жана калыстыгы менен башкалардан айырмаланган өзгөчө жигит болчу. Уланбек Эгизбаев өз материалдарында көтөргөн маселелердин бир даары оң чечилип, ал эми анын даректүү тасмаларынын каармандарынын тагдырлары дурус нукка өзгөргөн учурлар арбын.

Эгизбаев Кыргызстандын демократиялуу жана сөз эркиндиги толук камсыз болгон жаркын жана бакыбат келечекке карай өнүгүшү үчүн жан-дили менен күрөшкөн өз Ата-Журтунун чыныгы атуулу эле.

Кыргыздын чыгаан уулунан мезгилсиз айрылганыбызга кабыргабыз кайышып турат. Уланбек Эгизбаевдин ата-энесине, жубайына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Анын элеси баарыбыздын эсибизде түбөлүк сакталат. Анын аткарып келген ишин мындан ары ырааттуу улантуу парызын Кыргызстандагы журналист кесиптештери татыктуу аткарат деп ишенебиз. Топурагың торко, жаткан жерин жайлуу болсун, Болот Канат Жаш Туйгун! Биз сени эч качан унутпайбыз! Бул сөздөр Уланбек Эгизбаевге арналган "Чындык деп жанган өмүр" китебинен алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости