www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казак-кыргыз чабышында Куттуксейит уулу Шамендин кылган эмгеги төө көтөргүс. Ал кезде Кенесары кол курап, орустарга тишин кайрап, алар менен душмандашып турган.1847-жылы салгылашуу алдында Шамен орус жандыралдары менен тынчтык келишимин жүргүзүп, орус аскерлери Кенесары көмөк көрсөткөнү келе жаткан казактардын колун өткөзбөй тосуп турган. Бул жардамдын келе албай калганы учурунда Кенесарынын жеңилишине чоң көмөк болгон. Кокус Шамен ортого түшүп, орус аскерлери казактардын бул чоң аскерин токтотпогондо, уруш кайсы өңүттө жүрөрүн ким билет.
Ал Улуу жүз казагы менен алатоолук кыргыздарды багындырууну жана аларга таянып, падыша аскерлерине, Кокон хандыгына каршы күрөштү улантууну көздөгөн. Бирок ою ордунан чыкпай, анын акыркы жылдарда күч алган талоончул согуштары калктын кыйла бөлүгүн, султан, бийлердин бир тобун кыймылдан алыстоого түрткөн. 1846-жылы Улуу жүз казак султандары менен бийлеринин көбү Орусия тарапка оогон. Бирок абалынын начарлагандыгына карабастан, Кенесары 1847-жылы кыргыз жерине кол салып чапкын баштоого камынат. Орус аскерине каршы кармашта алдан тайып, түштүктү көздөй сүрүлгөн хан Кене кыргыздарды каратып, алардан салык, аскер алууга үмүттөнгөн. Кыргызстан жоого каршы күрөштү улантуу үчүн эң оңтойлуу оорукка айланмак. Бул айыгышкан салгылашууда хан Кенесарынын кошууну жеңилүүгө учурап, Кенесарынын өзүн кыргыздар туткунга түшүргөн.
Ормон хан Ысык-Көлдөгү Байсоорунда кол жыйнап жаткан. Үч күндөн кийин керней-сурнайын тарттырып Ормон келгенде Кенесары: «Сыйырча мөөрөгөн не?» десе, жанындагы Байзак; «Ханым, сиз кыргыздын чабагы менен чабышып жаткансыз, жаяны эми келди» деп түшүндүргөн. Ормон кол башчылыкты өз колуна алып, түнкүсүн кыр-кырларга алоолонтуп от жактырып, жер жайнаган аскер келип калгандай сүр көрсөткөн. Күндүзү тал, караган-чычырканакты атка сүйрөтүп, адыр аралай, кыр ылдый өйдө-төмөн чапкылаган жигиттер уюлгуган коюу чаң чыгарып, түмөндөгөн кол топтолгондой түр көрсөтүп, жоонун жүрөгүнүн үшүн алган. Казактардын көбү чабуул башталганда эле качып, жер өңүтүн билбегендиктен Мыкандын сазына чөгүп кеткени да көп болгон. Шамен Кенесары башында турган казактардын жортуулунда акылы, кеңеши менен элге таанылган.
Шамендин кеңешин унута кетүү да туура эмес. Кенесары менен анын иниси Ноорузбайды Алмалуу-Сай деген жерден колго түшүрүп алышкан. Кыргыз жакшылары чогулуп: “Казак-кыргыз бир тууган элек. Кенесары туура эмес иш кылды, эки элди чабыштырып, Кенесарынын тукуму хан, башын аман коюп, Ноорузбай экөөнө эки кыз тартуулап, ат мингизип жөнөтпөйлүбү.Эки элдин ынтымагы үчүн,” – дегендер да болгон. ”Эртең кол курап келип чабышса кантебиз?” – дегендер чыгып, Ормон-хан баштаган кыргыз жакшылары олку-солку болуп турганда, Шамендин кеңешине муктаж болуп калышат. Ошондо Шамен Кенесары менен Ноорузбайга эки койдун башын тарткыла, кандай жейт көрөлү дешет. Бул чоң философиялык ой болуп, экөөнө эки койдун башы тартылат. Кенесары баштын мурдун кесип, кежигесин сыйрып, сыпайы жылдырып койот. Ноорузбай баштын бир көзүн ыргытып, бир кулагын кесип туруп, ооз тийбей жылдырып койот.Бул башты көргөн Шамен аттиң болбой калды деп өкүнгөн экен: “Булардын ичинде кетпес кеги калыптыр. Кенесары - аман болсом мурдуңарды кесип, кежигеңерди тилем десе, Ноорузбай көзүңөрдү оюп, кулагыңарды кесермин,” – деген сыр көрсөткөнүн айтат. Кыргыздар кечирген күндө да бул экөө болчудай эмес деген. Кыргыз жакшылары ошол окуядан соң бир чечимге келип, экөөнүн тең башын алдырышкан. Бул өтө кайгылуу болгон окуя. Кокус Кенесары менен Ноорузбайды кетиришсе, орус аскерлери тосуп калган колду кыргыздарга буруп, кайра чатактар башталышы да мүмкүн болчу. Устукан шааниси, философиясы аркылуу достор ажырашып, мамилелери бузулуп, же тескерисинче ажырашкандар элдешкен учурлар болгон. Кенесарынын колун жеңгени үчүн кыргыздардын 12 белгилүү адамы орус бийлиги тарабынан ар кандай медалдарга татыктуу болгон. Алардын арасында Шамен да бар. Орус империясына Ормондун калпагын тигип жиберткен да Шамен болгон. Орустар берилеп жылып келатканда бир аз сес болсун деп боз үйдөй чоң калпак тиктирген да Ормондун калпагы деп орустарга жөнөткөн.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ