www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын аймагында акыркы 4 күн ичинде катуу ысыктан жабыр тарткан жарандардан медициналык тез жардам кызматына 130 миңдей кайрылуу болгон.

Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 17-июлдан 20-июлга чейинки аралыкта 23421 адамдын ден соолугунун абалы оорлошкон. Дарыгерлерге кайрылгандардын ичинен 4215 адам ооруканага жаткырылды.

Мындан тышкары, бул убакыт аралыгында Ташкент шаарында эле медициналык тез жардам кызматына 11 821 чалуу түшкөн. Шаардагы ооруканаларга 2185 адам жайгаштырылды.

Өзбекстанда ушул жумада абанын температурасы +43 градуска чейин көтөрүлө турганы эскертилген. Өзбекстандын гидромет кызматы билдиргендей, 14-июлдан тарта абанын температурасы акырындык менен көтөрүлүп, 17-июлга карата максималдуу көрсөткүчтөр +41 градуска чейин жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости