www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка-1 жана Арка-2 айылдарынын тургундары президент Садыр Жапаровго кайрылышты.

Тургундар Тажикстандын аскерий чабуулу учурунда айылдары толугу менен талкаланганын белгилешүүдө.

«Үйүбүз да, малыбыз да, жумушубуз да жок калды. Тажиктер үйүбүздү тоноп, баарын тартып алып, унааларыбызды уурдап, акыры үйүбүздү өрттөп салышты. Эл баары жакшы болот деп ишенип, насыяларды алышкан. Эми кандай болот? Биздин да пландарыбыз болгон, балдарды окутуп, той өткөрөлү дегенбиз. Анткени адамда эртеңки күнгө ишеним болуш керек. Бизде эч нерсе калган жок. Эртеңкиге үмүт кайда? Коркунучта жашап жатабыз», - дешти алар.

Айыл тургундары Садыр Жапаровдон өздөрүнө келип, кантип жашоо керек экенин айтып берүүсүн суранышат. Алар бийликтен чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин тездетип, алардын коопсуздугун камсыз кылууну талап кылышууда.

«Тажиктер биздин аймакка кирип кетишти. Айткылачы эми кантебиз? Чек араны, бизди кантип коргойсуңар?”, — деп сурашат лейлектиктер.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости