www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эртең, 16-августа аба ырайы кандай болот?

"Кыргызгидромет" борбору чукул билдирүү таратып, 18-19-августтарда Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрө турганын эскертти. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, айрым жерлерде жаан-чачын абдан катуу жаашы мүмкүн.

16-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36;

Талас жергесинде түнкүсүн 11…16, күндүз 29…34;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 16…21, күндүз 32…37;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13 градус болот.

16-августта Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 17…19, күндүзгү жогорку температурасы 34…36 градус болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости