www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия менен Беларустун президенттери Владимир Путин менен Александр Лукашенко телефон аркылуу сүйлөшкөнүн РИА Новости жазды. 

Белгилей кетсек, Беларусь лидери өлкөгө каршы "агрессия күч алууда" деп айткан. Ал белгилегендей, президенттик шайлоонун жыйынтыгынан кийинки башаламандыктар Беларуска гана эмес, бүткүл союздук мамлекеттерге коркунуч туудурат.

Беларус президенти өлкөдөгү кырдаалга "тышкы кийлигишүүнүн элементтерин" көргөнүн, ошондой эле социалдык тармактарда элдин оюн бузган фейктер бар экенин айткан. Ал мунун баарын кесипкөй адамдардын иши катары баалаган.

Эске салсак, 9-август күнү Беларусь республикасында өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыгып, алмассалык акцияга айланган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости