www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Фейсбук социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу Эржан Сулайман Чолпон-Ата шаарында 2-июнда болуп өткөн маанилүү иш-чарага Тажикистандын президенттинин келишине өзүнүн пикирин айтты.
Ал сөзүндө:
"Чолпон-Атада өтүп жаткан абдан маанилүү иш-чарага Тажикстандын президентинин келишине байланыштуу сын-пикирлер айтылууда.
Бирок мамлекетти башкарууда өч алуудан, эмоцияларды ээрчүүдөн дагы жогору, жаратман максаттар көздөлүүгө тийиш.
Жагабы, жакпайбы, бул жүздөгөн жылдар бою тынчтыкта, кызматташтыкта кошуна жашап келген эл. Алар дагы, биз дагы башка географиялык мейкиндикке көчүп кете албайбыз, кошуна бойдон кала беребиз.
Баткендеги оор, орду толгус жоготууларга карабай, мындан ары согушту болтурбоо, тынчтыкты, туруктуулукту сактоо эң маанилүү максат.
Уулун садага чаап, элинин тынчтыгын, амандыгын бийик койгон Курманжан Датка апабыз менен баарыбыз сыймыктанабыз го…
Борбордук Азия өлкөлөрүнүн геосаясий сыноолору, тобокелдиктери жетиштүү, эң кеминде өз ара ынтымак жана кызматташтык мамилелери сакталууга тийиш. Душмандашуу, жек көрүү эч кандай жакшылык алып келбейт. Борбордук Азияда экинчи "Карабахтын" кереги жок.
Элге жагынам деп ар нерсени айта берсе болот, бирок тынчтыкты туруктуу сактоонун жоопкерчилиги баарынан өйдө", - дейт Эржан Сулайман.
Эске сала кетсек, 2-июнда Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында "Европа Биримдиги – Борбордук Азия" экинчи саммити болуп өткөн.
Иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель жана Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов катышты.
Булак: NazarNews.kg