www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-- Жыйырмдан ашык активисттерибиз камакка алынды. Мындан ары аларды кандай тагдыр күтөт?
-- Камакка алынган жыйырмадан ашуун активист саясатчыларга оор айыптар коюлуп жатат. Мунун мыйзамдагы беренелерин түшүнүү үчүн укукчу же юрист болуунун кажети жок. Кылмыш-жаза кодексинин 36-жана 278-беренелерине кайрылсак, “талкалоо жана массалык башаламандыктарды, бийлик өкүлдөрүнө каршылык көрсөтүүнү даярдоо үчүн атайын каражаттарды же куралдарды ылайыкташтырууга катышуучуларды издеген шарттарды түзүшкөн” деген айыптар тагылып жатат.
Коомчулукка чыккан маалыматка караганда, жазылып алынган аудио сүйлөшүүлөр же комитеттин жыйынында көтөрүлгөн маселелерди, социалдык түйүндөргө чыккандарды уксак, ал жерде “массалык митингдерди өткөрөбүз” деп сүйлөшүп жатышат. Митинг өткөрүү – бул жарандардын укугу. Конституцияда бекитилген, эч ким аны тана албайт.
Митинг өткөрүү кылмыш эмес. Эми коюлуп жаткан айыптарга карасак, алар “каражаттарды жана куралдарды ылайыкташтырышкан, катышуучуларды издешкен, шарттарды түзүшкөн” деп беренеде айтылууда. Эми муну кантип далилдешет? Далилдер барбы? Балким коомчулукта маалымат жоктур? Мүмкүн курал дайындап, адамдарды издешкенби?.. Максаты – талкалоо, бийлик өкүлдөрүнө каршылык көрсөтүү болгонбу?..
Бирок эч кимибизде андай маалыматтар жок. ИИМ кызматкерлери мындай фактыны коомчулукка көрсөтө элек. Болгону комитеттин “масштабдуу митингдерди өткөрөбүз” деп жазылып алынган аудиолор чыкты. 278-берене боюнча 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Баш коргоо чарасынын эң бир катаалын колдонушту.
Анда кармалгандардын жашына, жынысына, эч нерсесине карабай СИЗОго камашты. Мындай катаал шартта кармоо – ден соолуктарын жоготууга, ар тараптуу кыйноого барабар. Ушундай учурда адамдардын акталып кетиши өтө сейрек.
Керек болсо жокко эсе көрүнүш. Эгерде кылмыштары далилденбесе, анда бул сөз эркиндигин жокко чыгарууга барабар көрүнүш. Анда мыйзамдуулуктун, адам укуктарынын, эркиндиктеринин кепилдиги болгон президент өзүнүн конституциялык милдеттенмесин аткарбаганга барабар болуп калабы? Же ошол кылмыштар далилдениши керек.
Алар каражаттарды, куралдарды ылайыкташтырышканбы, ушунчалык даярдык көрүшкөнбү? Шарттарды түзүшкөнбү? Кандайдыр бир максаттарды көздөшкөнбү? Мына ушулар айкындалышы шарт. Далилдей алышпаса, анда 30 жылда да болуп көрбөгөндөй адам укуктарына сокку катары кабылданат. Же болбосо коомчулукту ынандырган далилдерди көбүрөөк келтириш керек болчу.
Бирок ИИМ өкүлдөрү парламентте эч кандай так жооп бербестен, “бул тергөө сыры” деп сөздү кыскартып коюшту. Эгерде кылмыш курамы далилденбей, алар митинг уюштуруу гана максаты менен соттолуп кете турган болсо, анда коом менен бийликтин ортосундагы ажырым дагы күчөйт.
Саясат адам укуктарынын алкагынан чыгып кеткенде, же башкача айтканда, саясый процесстер адам укугун эсепке албай калганда, туруксуз абалдарга алып келет. Ошондуктан туруктуулук сакталыш үчүн адам укуктарына кам көрүлүшү керек.
Булак: Азия News гезити