www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист

Fox News телеканалынын журналисти Такер Карлсон АКШга карай мигранттардын агымын президент Жо Байдендин өлкөгө каршы жасаган эң оор кылмышы деп атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Кеп Мексикадан келген мигранттар Американын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп жатканы тууралуу болуп жатат.

Fox News телеканалынын кабарчысы Билл Мелудгин чек арадагы Рио-Гранде дарыясындагы кырдаалды сүрөткө тартууга жетишкен. Ал кишилер дарыянын боюнан тоскоолдуксуз өтүп жатканын айткан. Мигранттар Байдендин бийлигинин тушунда Америкага кирип кетсе болорун билип калганын кошумчалаган.

"Мигранттарга карата мындай мамиле — өлкөгө жасалган эң оор кылмыш", — деди Карлсон.

Буга чейин Нью-Йорк шаарынын мэри Эрик Адамс шаарга мыйзамсыз келген мигранттар менен качкындардын агымынан улам өзгөчө кырдаал жарыялаган. Мэрдин айтымында, шаарга 2022-жылдын апрелинен бери 17 миң качкын келген, алардын көбү түштүк америкалыктар.

Миграциянын агымы экономиканын катаал шарттарынан улам күчөгөн. АКШ бийлиги Мексика менен чек аралаш аймактан акыркы тогуз айда миллиондон ашык кишини кармаган. Бул өткөн жылдарга караганда көп экени айтылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости