www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай Чоң жетиликтин өлкөлөрүн башка мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүүнү жана аймактык карама-каршылыктарды тутандырууну токтотууга чакырат, деп билдирди Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Чжао Лицзян брифингде.
«Биз Чоң жетиликти «кансыз согуштун» менталитетине жана идеологиялык жек көрүүсүнө жабышып калууну токтотууга, башка өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишүүнү токтотууга, калпты кайталоону токтотууга, аймактык карама-каршылыктарды жана блоктук конфронтацияларды жаратууну токтотууга чакырабыз», - деп айтылат дипломаттын билдирүүсүндө.
Лицзян белгилегендей, «Гонконг, Шинжаң жана Тайванга байланыштуу маселелер боюнча Кытайдын позициясы ырааттуу жана ачык. Чоң жетиликтин тышкы иштер министрлеринин биргелешкен билдирүүсү деп аталган нерсе Кытайдын позициясын жана объективдүү фактыларын этибарга албайт, Кытайдын ички иштерине одоно кийлигишет, Кытайды кара ниеттик менен жалаа жаап, ушактайт».
Мына ушуга байланыштуу Пекин «курч канааттанбагандыгын жана ага чечкиндүү каршы» экендигин билдирди.
Дипломат Кытай ар дайым эл аралык коомчулукка «глобалдык чакырыктарды биргелешип жеңүүгө» жардам берип келгенин белгиледи.
Чжао Лицзян өз сөзүндө «Чоң жетиликтин» өлкөлөрүн «дүйнөлүк кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды» түзүүгө чакырды.
Булак: NazarNews.kg