www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эсенбайдын мураска калтырган сөз берметтери

 

Эсенбай эсепчинин ташка тамга басылгандай сөздөрүнүн көбүн замана агызып кетти. Эсенбай эсепчинин бир кылымдык өмүрүндө не деген сөз берметтеринен кеп кылбады экен! Ал кеп учугун турмуш, жашоо тиричилик, адам табияты менен айкалыштырып ары таасирдүү, ары өткүр, ары таамай сөз менен иритип айтпай, жибитип айткан экен. Эсенбай  акыл булагын, сөз булагын табияттан да, элден да, жакшыдан да, жамандан да, кыскасы бардык нерседен алып колдонуптур. Ошол үчүн аны сөздөрү канча жылдардан бери жашап келатат. Каалоо, тилек ар бир адамда болот. Муктаждыгы жок, эч нерсени каалабаган, үмүтү, тилеги болбогон адам баласы болбойт. Түркөй адамдар гана калоо-тилекти керт башына, бала-чакасына, жакын туугандарына ыроолойт. Жамандык менен жакшылыкты терең ажырата билген Эсенбай оболу тилекти жалпыга тилеп, бүтүндөй элге жакшылык каалаган. Эсенбай өзүнө ыраа көрбөгөн, каалабаган жамандыкты өзгөлөргө, каршылаштарына эч качан каалаган эмес.    Жакшы айтылган сөздүн өмүрү узун, бүт ааламды баккан кара жер, калың эл гана казына эмес,тунук акылдан чыккан асыл сөз да –кенч. Ата мурасынын бардыгы сөз аркылуу укумдан- тукумга жетет.

Эсенбай акылман адам окшойт, көпчүлүк чогулган топто ылайыктуу шартта даярдыгы жок эле чукугандай таасин сөз тапкан, доор өзгөчөлүгүн, адам жашоосунун жол -жобосун чечип айткан. Ошондон улам аны убагында кадырлап турган. Анын сөздөрүн элдеги айлакер, сөз устаттары сактап келишкен. Ал өзү да топ, жыйында жакшы сөздөрдү козгоп бардыгынын кулагына куюп келген. Биз уккандан бала кезинен Эсенбайдын койнунда жатып сөз берметтерин эсинде сактап калган Келдибек, анын айткандарынын ондон бири эсимде калды деп дайыма айланасындагыларга, анын сөздөрүн айтып турчу. Эсенбай сөз устаты катары туюкта жол таап кетчү экен. Тагдыр бирөөнө баш берсе, бирөөнө байлык, бирөөнө бийлик, дагы бирине талант, өнөр, терең акыл берет. Ал эми өзүнө жаккан Эсенбай эсепчи сыяктууларга көп касиетти мол берип койот  экен. Кудайдын кубаты менен Эсенбай эсепчи көптөгөн, эң сонун сапаттарга – акылга, жан эриткен ширин сөздөргө эгедер экен, чечендик өнөрдү, жайчылыкты, жылдыз эсептеп жылдын кандай болорун белгилеген эсепчиликти, жаркын, жайдары мүнөздү, токтоолукту, чайпалбас көтөрүмдүүлүктү, бардык адамдарга бирдей назик мамиледеги адамгерчиликти, сый –ызаатты, кара кылды как жарган калыстыкты, жакшылык  менен жамандыкты  алдын –ала туя билген олуялыкты, кара өзгөйлөрдү сыздата билген сынчылыкты, жылдызы жарык ачык маанайды, бей – бечараларга кайрымдуулукту Эсенбай эсепчиге мол бериптир. Ал маектешип жаткан адамдын бүт турпатына назар салып отуруп, анын оюн таап койчу экен.Эгер маектешип жаткан адам бир аз чоочуркап, түпөйүл тартып батына албай турса, дароо ага болгон мамилесин өзгөртүп, көңүлүн таап, дилин жибитип, жарпын жазып, жылуу мээрим менен ага сый көрсөтүп, жылмаюу менен курсант кылчу дешет.

Эсенбай эсепчи асыл- ойдон келип чыккан насыят –нуска сөздөрдү көп айтып, анын айткандары элдин сөзүнө айланып, кыргыз макал –лакаптарын байытып турган. Чоң жыйын, топтордо, эл чогулган аш –тойлордо, сыйлуулар отурган үлпөттөрдө таасын- таамай айтылган сөздөрү дубан жарып элди аралап кете турган. Анын жүйөөлүү сөздөрүнүн көбү элдик болуп кетсе, көбү ооздон –оозго өтүп ушул күнгө чейин жашап келатат. Эсенбай эсепчи эч качан элден оозунуп бейчеки сөз сүйлөбөгөн, сүйлөөр алдында маектешип жаткан адамына көз токтотуп карап,  анын оюнда эмнелер бар экенин алдын –ала билип, айтар сөзүн дили менен калчап, салмактап, ары таамай, ары түшүнүктүү, ары уккан кулактын кумарын кандырып, ширин саймедиреп берчү экен. Сабырдуулук салтын бекем тутуп, дайыма өтүнүч болгон соң гана сүйлөгөн. Эсенбай эсепчи бүт өмүрүн эл кызматына арнап, адилеттүүлүктү, калыстыкты, ыйык тутуп калк арасында сөздүн тиреги болгон. Ал карапайым калктан, бей-бечаралардан тартып, эл башчылырына чейин бирин өөдөсүнтүп, бирин төмөнсүтпөй тең санаган нарк-нускалуу, терең ойчул, жеткен акыл чечен адам экен. Эсенбай эсепчи бүт өмүрүндө керт башына, бала-бакырасына эл-журттан бөлүп алла-талламдан узун, бакты-таалай тилебегинин себеби, бардык жакшы нерсени калкка бер деп тилептир. Кээ бир учурда жамгыр жаабай койгон мезгилде эл Эсенбайга келип батасын берип коюну өтүнүшчү экен, Эсенбай үч күн, үч түн наар тартпай, кудайдан жамгыр тилеп дөбөдө чокчойуп отурганы эл оозунда калган. Үч күндөн соң ордунан козголгондо чагылган чарт деп төгүп жибергени бар.

Нускалуу сөздү Эсенбайга окшогон көптү билген,көптү зээнинде туйган, акылы жетик адамдар гана айта алган. Адам барынан мурун сөзүнө этиат болушу керек. Өзз сөзүнө өзү сынгандан жаман нерсе жок, өз сөзүнө кор болгондон жаманы жок. Сөздөн жыгылгандар ал кезде кун, тогуздап мал төлөгөн. Бугу менен сарбагыштын чабышынан соң сеп менен келген Жылкыайдардын баласы Тилекмат эл оозуна алынып калат. Тилекматтын уулу Чыныбай саруу, мундуздарды топтоп өз алдынча болуштук ачып, Каракол үйөзүндө экинин бири болуп калат. Ошондо Эсенбай: “Жабыгып жүргөн жигитти башкасың деп кордобо, Ташыркаган күлүктү баса албайт деп болжобо” –дептир. Көп жылы бий болуп элдин чырын чечип жүргөн Эсенбайдан: «Жеке чырды чечүүдө, калк арасындагы калың чырды чечүүдө көп катышасыз, чырды чечүүнүн жолу кандай?» -деп сурап калышат. Эсенбай: «Чырдын жүзүн кудай ары кылсын. Ошентсе деле нараздашуудан улам чыр чыга берет. Жашоо эрежесин билбеген соң адамдарда нараздашуу боло берет.  Чыр чечүүнүн жолу көп: опузалоо, жазалоо, коркутуу, жемелөө,  салык жолу, бата жолу, салт жолу, сый-урмат көрсөтүп кадырлоо жолу, сөз күчү менен ыктуу мактоо же уяткаруу жолу. Айтор чыр чечүүнүн жолдору көп. Анын бардык жолдору акылга калчанып, кеңешилип чечилүүгө тийиш. Асили чыр чечилген соң кек калбашы керек», -дептир нечен чырларды чечишип жүргөн Эсенбай. Илгери азыркыдай кажылдашып отурбай, бир ооз кеп менен аттаандашын жыгып койчу. Атаандашы да сөзгө түшүнүп унчукпай жеңилгенин мойнуна алчу экен. Жеңилгенин мойнуна албай кежеңдегендерди акылы кем деп коюшчу. «Акылы кемдин кемчилигинин эң жаманы кайсы?» -деп Эсенбайдан сурап калышат. Эсенбай: «Кем акылдар бардык нерсенин түйүнүн, түпкү уюткусун билишпейт, Бардык нерсени өз акылы менен өлчөйт. Алар акылдуулардын сөздөрүнө караганда өзүндөй түркөйлөрдүн айткандарына тез көнөт. Акылы кем түркөйлөр акылдуулардын айткандарын баалоого кудуретсиз болушканынын себеби, жакшы акыл-насааттарды жактырышпайт. Алар өз акылдары жеткен жерди гана туура дешет. Алардын оюу кыска, тайыз, ар иштин эртеңкисин көрө алышпайт, келечегин болжой алышпайт. Мына кем акылдын кемчилигинин жеткен жери. Бардык иштин башкы учугу, аякталган чеги да, маани-маңызы да акылга байланыштуу, акыл менен өлчөнөт. Ошондон улам: «Ойлон, ойлоп иш кыл» -деген накыл сөз бар. Кем акылдар оюна жараша түз ишти да кыйшайтып алат. Өзү бүлгүнгө салган ал ишти кайра түзөөгө чарк-чамасы жетпейт. Бул да кем акылдын табиятынын дагы бир жийиркеничтүү жери. Ал адамдын өз теңи бар. «Адам султанын теңи -султан, адам шаманынын теңи –шаман, ал эми кем акыл султандын теңи ким?» -дешет. Өз акылы менен бийлигин өлчөгөн президенттер элди ойлоп да коюшпай, капчыктарын толтуруп салууну көздөшкөндүн запкысын тартып, көр дүйнөнүн айынан көздөрү көр болушкан. «Бийлик же инфарктка, же инфакка (МГУ) жеткизет» -дегендей, МГУларда баш калкалап жүрүшкөн экстер жок эмес.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости