www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев деген бар. Кезинде демократия, адам укугу, сөз эркиндиги десе төбөсүнөн көк буу көтөрүлчү. Мына канчалаган жарандарыбыз оюн ачык айтканы үчүн камалып, куугунтукталып жатат. Демейде, айкырык салып чыкчу Текебаев такыр үн катпайт го, чиркин.
Садыр Жапаров бийликке келгенде "бүгүлүп, жүгүнүп кол чаап туруп буюрса жакында түптүз Түркмөнстан болосуңар" деп айтып, өзү жүгүнүп, бүгүлүп кол чапкан жолду баштап элчилик кызматты алып баса берди.
Мына ошондон бери эмне деген гана окуялар орун алды. Кемпир-Абад, пансионаттар коңшу Өзбекстанга кетти. Тажикстандын кол салуусунан жүздөгөн жарандарыбыз кайтыш болду. Оюн ачык айткандар камалып, сөз эркиндиги муунтулуп жатат бир башым деген жок.
Көрсө, Текебаев үчүн жанынын тынчтыгы, кызмат, мансап эле керек тура. Баягы, депутат кезинде, кызматсыз бош жүргөндө эл көзүнө мекенчил, патриот көрүнүп, упай топтоо үчүн курулай кыйкыра берчү экен. Эл башына чындап оор кырдаал жаралган кезде, акыйкатты айта турчу жерде билмексен болуп, кызмат болсо чээнге кирип алат тура. Кызматка жетпей араң жүргөн катардагы мансапкор жүзү эми ачылып отурат.
Булак: NazarNews.kg