www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөткө казак-кыргыз чек арасында түзүлгөн кырдаалды өлкөлөр ортосундагы өнөктөштүк жана бир туугандык мамиледе жөнгө салууну тапшырды. Бул тууралуу Акорданын басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле чек арадан мыйзамсыз жүк ташып өтүүгө жол бербөө үчүн санариптештирүү жана автоматташтыруу процессин активдүү киргизүү маселеси боюнча кыргыз тарап менен сүйлөшүүлөрдү улантуу зарылдыгы белгиленди.
Белгилей кетсек, кыргыз-казак чек арасындагы «Кең-Булуң-автодорожный» жана «Ак-Тилек» өткөрмө бекеттеринде жүк ташуучу унаалар бир нече күндөн бери токтоп турат. Жүк ташуучу унаалардын үйүлгөнү тууралуу билдирүүлөр 21-августтан тарта чыга баштаган.
Булак: NazarNews.kg