www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Артыкбаев салыкка төлөөчү акчаларды жашырып жүргөнүн салык кызматы кабарлады. Салык кызматынын басма сөз кызматы ыктыярдуу легалдаштыруу жана мүлктөргө мунапыс берүү жараянынын алкагында 2 млн 377 миңден ашуун салык декларациялары жок кылынганын жакында билдирди. Анын ичинен 1 млн 503,1 миң декларация ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке жактарга, 321,5 миңи – салык салынуучу кирешеси жокторго, 553,1 миңи – мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган жактарга таандык.

Салык кызматы бул декларацияларды өрттөө жолу менен жок кылып, “Салык сервис” ишканасы ал документтердин баарын тиешелүү сайттан өчүрдү.Салык кызматы билдиргендей, эми декларациясы жок кылынган жарандар кайрадан жаңы декларация тапшыра баштайт. Муну менен алар мурда катталбаган мүлктөрүн киргизип, мыйзамдаштырып алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Жарандар жалпы декларация тапшыргандан сырткары атайын декларация да тапшырса болот. Мунун биринчисинде Кыргызстандын ичиндеги мүлктөрүн каттаса, экинчисинде чет жактагы активдерин көрсөтөт. Атайын декларация нотариалдык сыр болуп саналат жана ачык жарыяланбайт. Жакында “Кабар” улуттук маалымат агенттигинде Экономика жана коммерция министрлигинин, ага караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана Юстиция министрлигинин өкүлдөрү мүлктү легалдаштыруу жараяны тууралуу маалымат беришкен. Анда айтылгандай, көмүскө экономиканы азайтуу үчүн легалдаштыруу өнөктүгү бир жылдан ашуун убакытка созулат. Байлыгын ачыкка чыгаргандарга кылмыш иши козголбойт деген кепилдик берилет. Эгер декларацияга киргизилген мүлктөрдүн баасы 100 миллион сомдон ашса, мамлекетке бир ирет 1 миллион сомдук декларациялык төлөм төлөнөт.

Садыр Жапаров “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзамга 20-июнда кол койгон. Аталган мыйзамды Жогорку Кеңеш 4-майда кабыл алган. Мыйзам жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин мыйзамдаштырууга багытталган. Анда жарандар өзүнүн башка кишилердин атына катталган же чет өлкөлөрдөгү байлыгын, мүлкүн ыктыярдуу декларациялоо аркылуу легалдаштыра алышат. Өлкөнүн экономикасына ички, тышкы инвестицияны көбөйтүү, көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу мүмкүнчүлүгү бар экени, мүлктөрүн буга чейин жашырып келгендер мамлекеттик органдар тарабынан жоопко тартылбай турганы жазылган.

Оппозициялык депутаттар жана айрым жарандык коом өкүлдөрү легалдаштыруу кампаниясын коррупционерлердин кызыкчылыгын көздөгөн демилге катары сыпатташкан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости