www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Тергөө комитети “Вагнер” менчик аскерди компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин ичинде болгон делген учак кыйраган жерден кара кутулар алынганын билдирди. Мекеме бизнес-жет кулаган аймактан он адамдын сөөгү табылганын, алардын тек-жайын аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалганын кабарлады.

Мунун алдында Кремль Пригожинге таандык учактын кулашына тиешеси бар деген маалыматтарды жокко чыгарган.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков “Пригожиндин өлүмүнүн айланасында абдан көз боёмочулук көп болуп жатат”,-деген.

Белгилей кетсек, 23-августтун кечинде Тверь облусунда Пригожинге караштуу учак кулап түшкөн. Ичиндеги он адамдын баары күйүп кеткен. Росавиация жарыялаган жүргүнчүлөрдүн тизмесинде Евгений Пригожин аттуу киши болгон. Азырынча анын өлүмү тууралуу маалымат расмий тактала элек.

24-августтун таңында куткаруу иштери аяктаганы, кырсык болгон жерде он кишинин сөөгү аныкталганы кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости