www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарова деген бар. Оозун ачса эле "оттоп"  кетет. Эч эле этика, сүйлөө маданияты дегенди үйрөнө албас болду. 

Көтөргөн маселеси олуттуу болсо дагы, деңгээли анчейин эместен уламбы, эмоцияга алдырып аңкылдап айкырып жатып баарын айрандатып таштайт. 

Натыйжада, актуалдуу маселени айтса дагы сүйлөгөн манерасынан улам шакабага, шылдыңга калчу болду. Анын сүйлөгөн сөзү терс маанай чакырып, көргөн адамдын итиркейин келтирет. Сылык-сыпаа, манданияттуу түрдө оюн түшүндүрө албай, көчөдө жүргөндөй ажылдап жатып, жек көрүндү болду. 

Жогорку Кеңештин депутаты болуп эл өкүлү катары мамлекеттин, калктын жүгүн көтөрүү вазийпасын аркалап жаткан соң, терс эмоциясын көзөмөлдөп, өзүн-өзү өстүрүүнүн үстүндө иштесе болмок. 

Болбосо "эшекче иштеген, эмне мылжыңдайсыңар" деген сыяктуу сөздөрдү улуу-кичүү дебей балп эткизе айткан сүйлөө речи оңолбойт. Көчөдө жүргөн бирөө болбогондон кийин, акыл калчап сүйлөш керек.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости