www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
СИЗО-1де ачкачылык жарыялаган экс-депутат Орозайым Нарматованын абалы начар. Бул тууралуу анын жактоочусу билдирди. Маалымат Нарматованын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.
"Кемпир-Абад берилбесин!"- деп саясий туткунга алынган Орозайым Нарматова ачкачылык жарыялаганына үч суткадан өтүп, бүгүн 2022-жылдын 16- декабрында саат 14:00 дөр чамасында эсин жоготуп жыгылган. Дарыгерлерди чакырышып дары берип, укол сайышкан. Анын баш ооруусу, аш казанындагы жарасы, муундары ооруп ден соолугу кескин түрдө начарлап кеткен. Ачкачылык карманган үч күндүн ичинде Орозайым Нарматова 4 килограммга арыктап кеткен", - деп жазылган билдирүүдө.
Булак: NazarNews.kg