www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеештин депутаты Марлен Маматалиев Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү боюнча жаңы долбоорун бүгүн, 16-декабрда коомдук талкууга алып чыкты.

Мыйзам долбоорунда катализатору жок унааларды пайдаланган айдоочуларды жазалоо сунушталууда:

— алгачкы мамлекеттик каттоодо, кайра каттоодо, каттоо маалыматтарын өзгөртүүдө, автотранспорт каражаттарын каттоодон чыгарууда, катализаторлор жок болгондо;

— жеке адамдарга 200 эсептик көрсөткүчтүн (20 миң сом), юридикалык жактарга — 650 эсептик көрсөткүчтүн (65 миң сом) өлчөмүндө айып салууга алып келет.

Демилгечи Кыргызстанда айлана-чөйрөнү булгаган негизги булак автомобиль транспорту экенин белгиледи.

ИИМдин Унаа кызматынын маалыматына таянып, 2022-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда 1 миллион 103 миң 445 унаа катталган.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2022-жылдын январынан сентябрына чейин Кыргызстанга 25,3 миң автоунаа ташылып келинген. Демилгечинин айтымында, 2022-жылы Кыргызстанга рекорддук сандагы унаалар киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости