www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Газпром Кыргызстан" компаниясы 1-июлдан тартып карызы бар абоненттерге жаратылыш газын берүүнү убактылуу токтотот.

Ишканадан билдиришкендей, компания күз-кыш мезгилинде абоненттердин газын өчүрбөйт, андыктан жай айларында карыздарды толугу менен төлөп бүтүрүү зарылдыгын эскертет.

Карызды "Газпром Кыргызстан" мобилдик тиркемеси, расмий сайттагы жеке кабинет, төлөм дүмүрчөгү же "Мой дом" кызматы аркылуу төлөөгө болот.

Эгерде карыздан улам газ берүү токтоп калса, аны кайра калыбына келтирүү үчүн карызды толук төлөө, арыз берүү талап кылынат.

Белгиленгендей, кайра туташтыруу акысы 1270 сомду түзөт. Төлөмдү BAKAI жана MBank аркылуу же кеңседен төлөөгө болот. Бардык шарттар аткарылып, арыз кабыл алынган күндөн тартып газ үч иш күндүн ичинде кайра берилет.

Последние новости