www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандан бодо малды, жылкыларды, кой-эчкилерди сыртка чыгарууга коюлган убактылуу тыюуну дагы алты айга узартуу пландалууда. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Учурдагы тыюу 8-сентябрда аяктайт. Министрлик бул чараны ички рынокто эттин жетиштүү көлөмүн сактоо, баалардын өсүшүнө жол бербөө жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл деп эсептейт.
Тыюу транзитке, спорттук жана белекке берилүүчү жылкыларга, ошондой эле айрым асыл тукум малдарга жана аба жолу аркылуу чыгарылган жылкыларга жайылтылбайт.