www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече — Макмал темир жолун Макмалга чейин жеткирүү үчүн инвесторлор изделип жатканын билдирди.

Анын айтымында, долбоорго болжол менен 1 миллиард доллар талап кылынат. Эгер инвестиция тартылса, темир жолду 2032–2035-жылдары бүтүрүүгө мүмкүн. Ал эми каржылоо ички каражаттардын эсебинен жүргүзүлсө, курулуш 2035–2037-жылдарга чейин созулушу мүмкүн.

Балыкчы — Кочкор багытындагы 64 чакырым темир жол 64 миллион долларга курулган.

Жапаров ошондой эле Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин айтып, транзиттен Кыргызстан жылына 400–500 миллион долларга жакын киреше таба аларын белгиледи.

Последние новости