www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа биримдиги (ЕБ) Крым жарым аралынын аннексиясына байланыштуу Орусияга каршы киргизилген санкциялардын мөөнөтүн бир жылга узартты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Чектөөлөр жарым аралдын экономикасына, анын ичинде туристтик кызматтарды көрсөтүү тармагына инвестиция салууга тыюу салат. Өз кезегинде Крымдагы ишканалар өндүрүмдөрү менен жаратылыш ресурстарын Евробиримдиктин аймагына импорттой алышпайт.

Орусия Крымды 2014-жылы, жарым аралга орусиялык аскерлер киргизилип, Украинанын мыйзамдарын бузуу менен өткөрүлгөн референдумдан кийин каратып алган. Батыш өлкөлөрү муну эл аралык укуктук нормаларды бузуу катары эсептеп келишет.

Крымдын аннексиясына байланыштуу АКШ менен ЕБ өлкөлөрү Орусияга каршы санкцияларды киргизишкен. Андан бери бул чектөөлөрдүн мөөнөттөрү бир нече жолу узартылган. Москва жарым аралдын Орусияга кошулушун «тарыхый адилеттүүлүктүн орношу» катары сыпаттап келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости