www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн лидерлери жакын арада Орусия менен саммит өткөрүү демилгесинен баш тартышты. Мындай демилгени Германия жана Франциянын башчылары көтөргөн. Орус президенти Владимир Путин менен тикелей сүйлөшүү өткөрүүнү Европанын онго жакын өлкөсү кубаттаган. Бирок 24-июнда Евробиримдиктин Брюсселдеги жыйынынын биринчи күнү аяктаган соң Литванын президенти Гитанас Науседа Путин менен азыр жолугушуу эрте экенин билдирди. Ал Орусияда эч бир өзгөрүү жок экенин, ал эми Москва менен мамиле начарлап жатканын жүйө келтирди.

Еврошаркеттин саммити башталар алдында Германиянын канцлери Ангела Меркел орус президенти Владимир Путин менен АКШ президенти Жо Байден жүргүзгөндөй тикелей сүйлөшүүлөрдү баштоону сунуштаган. Бул демилгени Франциянын президенти Эммануэл Макрон колдогон болчу.

Бирок саммиттен соң Меркел өз демилгесинин колдоо таппаганын ырастады. Ал Евробиримдик Орусия менен диалог куруунун башка форматтарын издей турганын кошумчалады.

Орусия 2014-жылы Крым жарым аралын Украинадан аннексиялап, Донбасстагы жикчилдерге колдоо көрсөткөн соң Батыш менен мамилеси кескин начарлаган. Буга кошумча Алексей Навальный баш болгон оппозициянын өкүлдөрүн куугунтуктап, өмүрүнө кол салуу сыяктуу бир нече окуя үчүн Евробиримдик Москвага санкцияларды киргизген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости