www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Моңголиянын жаңы шайланган президенти борбор калаа Улан-Батордо бүгүн ант берди. Ухнаагийн Хурэлсух ант бергенден кийин буга чейин өлкөнү жетектеп келген Баттулга Халтмаа «Мамлекеттик мөөрдү» («Төрийн тамга») тапшырды.

Муну менен шайлоодон жеңип чыккан Х.Хурэлсух президенттик кызматка расмий киришти.

Моңголияда 10-июнда жалпы улуттук шайлоо өтүп, Моңгол элдик партиясынан президенттикке талапкер болгон Ухнаагийн Хурэлсух жеңишке жетишкен. Шайлоого 3 талапкер катышкан болчу.

Ошол күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:00гө карата Хурэлсух 776 миң добуш, паарламенттин мурунку депутаты Дангаасурэнгийн Энхбата 235 миңдей добуш, оппозициялык Демократия партиясынын мурунку башчысы Содномзундуйн Эрдэнэ 67 миңдей добуш топтогону жарыяланган.

Башкы шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, 1,17 млн адам добуш берүүгө катышкан. Бул 2 миллиондон ашкан жалпы шайлоочулардын 52,69 пайызын түзөт.

Конституциядагы өзгөрүүлөрдөн кийин моңголиялыктар президентин биринчи жолу 6 жылдык мөөнөткө шайлады.

Моңголиянын мурунку президенти Халтмаагийн Баттулга (1963-жылы туулган) 2017-жылдын 10-июлунда шайланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости