www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы "Жергиликтүү сот" автоматташтырылган маалымат системасын ишке киргизүү долбооруна байланыштуу тендерди өткөрүүгө Жогорку соттун тиешеси жок.

Бул тууралуу Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Аскар Эркебаев "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, Евробиримдик каржылаган долбоорду ишке ашыра турган мекемени тандоо боюнча тендерди Германиянын Эл аралык кызматташтык боюнча коому (GIZ) башында турган эл аралык уюмдардын концорсиуму ишке ашырган. Евробиримдик аны көзөмөлдөп турат.

Уюмдун маалыматына караганда, "Жергиликтүү сот" системасы азыр жакшы иштеп жатат. Система аркылуу бирдиктүү реестр менен биринчи инстанциядагы 64 жергиликтүү сот иштеп келүүдө.

Ийгиликтүү болгонуна байланыштуу долбоор экинчи инстанциядагы сегиз сотко да ишке киргизилүүдө. Программаны ишке киргизүү аракеттери уланып жатканы кабарланды.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости