www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КТРКнын директорун шайлоо 30-декабрда өтүшү ыктымал

КТРКнын байкоочу кеңеши телерадио корпорациясынын башкы директорун шайлоону эртең, 30-декабрда өткөрүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу байкоочу кеңештен билдирди.

Белгилей кетсек, директорду шайлоонун кийинки айлампасы 25-декабрда болот деп күтүлүп жаткан, бирок айрым талапкерлер катыша албагандыктан, тандоо турлары менен шайлоонун өзүн бир күндө бириктирүү чечими кабыл алынды.

КТРКнын байкоочу кеңеши бир күндүн ичинде директорлук кызматка талапкерлер менен маектешүү өткөрүп, КТРКнын андан аркы өнүгүүсүнүн презентациясын угуп, андан кийин телеканалдын жаңы директорун шайлашат.

Бул арада КТРКнын Байкоочу кеңеши телерадио корпорациясынын башкы директорлугуна ачык сынак жарыялаган. Жалпысынан сынакка катышууга 15 талапкер арыз тапшырган. Алардын бардыгы экинчи турга өтүшкөн.

Эскерте кетсек, 6-октябрда Жайнак Үсөн уулу кызматтан кеткен. Байкоочу кеңеш өзүнүн мүчөсү Жылдыз Бакашованы башкы директордун милдетин аткаруучу кылып дайындаган.  Ал эми азыркы учурда директордун милдетин убактылуу аткаруучу Бактияр Алиев.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости