www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус коронавируска байланыштуу көйгөйлөрдүн айрымдары алдыда экенин эскертти. Бул тууралуу анын 28-декабрдагы маалымат жыйынында айткан сөзүнө таянып чет элдик басылмалар басылмалар жазып чыкты. 

Гебрейесус ДССУ коронавирусту каттоого алганына бул жумада туура бир жыл өткөнүн эске салды.

"Биздин уюм вирус кандай өзгөрүп жатканын жана мындан ары абал кандай болорун билүү үчүн окумуштуулар менен иштеп жатат. Алдыда бир топ тоскоолдуктар болот", — деди Гебрейесус.

Буга чейин ДССУ башчысы коронавирус пандемиясы акыркы эмес экенин айтып, дүйнөдө дагы бир нечеси болушу мүмкүн экенин божомолдогон.

Эске салсак, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Улуу Британияда коронавирустун жаңы штаммы пайда болгонунун жар салды. Кийин анын жугуштуулугу 70 пайызга жогору экени, мурдагыдан айырмаланып балдарды көп жабыркатары белгилүү болгон. SARS-CoV-2 вирусунун жаңы штаммы сегиз өлкөдөн табылганы маалым.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости