www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Италияда илимпоздор коронавирустун жаңы түрүн аныкташты. Бул Улуу Британияда активдүү жайылып жаткан коронавирустун түрүнө абдан окшош экени айтылууда. Бул тууралуу La Repubblica билдирди.

"Өлкөдө" британиялык "коронавирус түрүнө окшош вирус жайылууда", - деди Италиялык вирусологдор ассоциациясынын башчысы Арналдо Карузо.

Эксперттердин айтымында, Апеннин аралдарында бул штамм 2020-жылдын август айынан бери айланып келе жатат. Коронавирустун бул түрү жазында COVID-19 менен ооруган адамдан байкалгандыгы белгиленди.

Буга чейин Коронавирустун жаңы түрү Улуу Британияда сентябрь айында пайда болуп, ноябрдын ортосунда жигердүү жайыла баштаганын кабарлаганбыз. Көрүлгөн чаралардын негизинде лондондуктар шаардан чыгууга аракет кылышкан. Коронавирустун жаңы түрү табылгандан кийин 20дан ашуун өлкө Улуу Британия менен транспорттук байланышын токтотту. Жүргүнчүлөрдү ташууга тыюу салуу айрым өлкөлөрдө жылдын аягына чейин иштейт.  

Рушана Султонова, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости