www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Дүйнөдөгү 5 континенттеги «А» классындагы эң абройлуу фестивалдардан сыйлыктарды утуп жатты. Биздин эл жеңил нерсени көрсө боору эзилип жатып калат, тиги жакта философияны какшап айтып жатсаң сиңире албайт», - дейт КРнын Эмгек сиңирген артисти Бакыт Мукул. Бул тууралуу актер жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде айтты.

«Биздин эл жеңил нерсени көрсө боору эзилип жатып калат, тиги жакта философияны какшап айтып жатсаң сиңире албайт. «Атанын керээзи» тасмасы эмне деген гана фестивалдардан жеңген жок.

Дүйнөдөгү 5 континенттеги «А» классындагы эң абройлуу фестивалдардан сыйлыктарды утуп жатты. 37 мамлекетке барып, баш байгени берген жок. «Оскарга» Кыргыз мамлекетинин атынан көрсөтүлдү. Эгерде башка бир мамлекеттин киносу ушундай ийгиликтерди жаратып жатса жан талашып «эптеп утуп алалы» деп акча бөлмөк.

Дүйнөлүк бардык фестивалдарга катышып утуп жаткан кино үчүн мамлекет бармагынын учун да кыймылдаткан жок. Асгар Фархади деген ирандык кыйын режиссёр бар. Мурун да «Оскар» алган.

Ошонун киносу менен биздин кино тирешип калып, такай биз утуп жаттык. «Оскарды» анын тасмасы утуп алды. Ал кино бизден артта эле.

Маданият министрине, президентке да кирдим, майнап болбоду. Убадалары укмуш болчу, бири да аткарылган жок. Эми ким билет, мындай мүмкүнчүлүк качан болот? «Оскарга» чейин барган тасманы кыргыздар баалабады.

Башка элди дүңгүрөтүп жаткан кинону биздин эл кинотеатрдан да көргөн жок. Аз барды. Кыргыздын канында барбы, биз бири-бирибиздин жеңишибизге сүйүнө албайт экенбиз», - дейт актер.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости