www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коңшу Казакстан коронавируска байланыштуу мамлекеттик чек арада чектөөнү күчөтөт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка ылайык, Казакстанда акыркы бир айда аймактарда оорунун өсүшү байкалууда. Октябрь айына карата өлкөдө COVID-19 илдети 1 миң 272 адамдан аныкталса, ноябрь айында 3 миң 352ге жеткен. Бул көрсөткүч менен бир күндө 442 адам илдетти жуктургандыгы аныкталган. Инфекциянын жугуу темпи 4 пайызга, ооруканага кайрылгандар 22 пайызга, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылгандар 18 пайызга өскөн.

"Казакстандын өкмөт башчысы карантиндик режимдердин сакталышын көзөмөлдөө боюнча мониторинг ишинин натыйжалуулугун жогорулатууну күчөтүү менен бирге өлкө аймагында мамлекеттик чек арадан өтүү тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди. 2021-жылдын 1-январына чейин Кытайдан жана Индиядан келген транзиттик жүргүнчүлөр үчүн Казакстандын аймагында 72 саат визасыз жүрүү токтотулду", - деп жазылат маалыматта.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости