www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Еврокомиссия AstraZeneca компаниясын сотко берет

Европа Комиссиясы AstraZeneca компаниясына вакцина менен камсыздоодогу көйгөйлөр боюнча сотко кайрылууну көздөп жатат. Бул тууралуу Politico маалымдады.

Бул маселе ЕБ өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн жыйынында талкуулангандыгы белгиленди. AstraZeneca Евробиримдикке мүчө мамлекеттерге келишимде көрсөтүлгөн өлчөмдө вакциналар менен камсыз кылууга милдеттендирүүнү көздөөдө.

Белгилей кетсек, буга чейин, кээ бир өлкөлөрдө вакцина алган адамдардын тромбоз оорусуна байланыштуу AstraZeneca вакцинасы менен вакцинация убактылуу токтотулган же тыюу салынган. Ал эми компания вакцина коопсуз деп айтууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости