www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа Биримдиги өткөн жылы орто эсеп менен 700 миң баш калкалоочунун башпаанек талабын кабыл алды же бул адамдар үчүн убактылуу коргоо статусун тааныды.

Европанын Статистика кеңсесинин билдирүүсүнө караганда, бул сандар 2015-жылга салыштырмалуу эки эсе көп.

Башпаанек же убактылуу коргоо статусу таанылгандардын 50 пайызы Сирия, 10 пайызы болсо Ооганстан жарандары.

Калгандары болсо Эритрея жана Сомали сыяктуу өлкөлөрдүн жарандары же мекени жоктордон турат.

Көбүнчө Балкан өлкөлөрүнүн жарандарынын башпаанек талаптары четке кагылды.

Өткөн жылы эң көп баш калкалоочуну кабыл алган өлкө болсо Германия болду.

Германия 2015-жылдагы көрсөткүчтөрүн эки эсе көбөйтүп, өткөн жылы 445 миң кишиге башпаанек же убактылуу коргоо статусун тааныды.

Германиядан кийин Швеция, Италия жана Франция турат.

Баш калкалоочу катары таанылган кишилер үй-бүлөнү бириктирүү программасынан пайдаланса, убактылуу коргоо статусундагылардын мындай укугу жок.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости